Нигерияда сел каптап 24 адам каза тапты

Нигериянын Катсина провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам селден 24 киши каза болду.

1890218
Нигерияда сел каптап 24 адам каза тапты

Нигериянын Катсина провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам селден 24 киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Умар Мухаммад селдин кесепетинен 24 адам каза болгонун, 16625 үй жарактан чыгып, 1620 талааны суу каптаганын билдирди.

Мухаммед ошондой эле Провинциялык өкмөт жакын арада селден жабыркагандарга гуманитардык жардам тарата баштаарын билдирди.



Тектеш кабарлар