Кызгылт алмаз 57 миллон долларга сатылды

20 мүнөткө созулган аукциондо сатылган бриллиантты кимдин алгандыгы билдирилген жок.

1890185
Кызгылт  алмаз 57 миллон долларга сатылды

Дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү кызгылт алмаздардын бири болгон "Williamson Pink Star" аукциондо 57 миллион долларга сатылып,  дүйнөлүк рекордду жаңылады.

Ханыша  Елизавета IIге үйлөнүү үлпөтүнө белек катары берилген дагы бир кызгылт алмаздын аты менен аталган 11,15 караттык кызгылт бриллиант Гонконг Сотбис аукцион үйүндө сатыкка коюлду.

57 миллион долларга сатылган, кичинекей шакек түрүндөгү алмаздар  менен курчалган кызгылт алмаз аукциондо эң кымбат баага сатылган экинчи асыл таш болду. 

20 мүнөткө созулган аукциондо сатылган бриллиантты кимдин алгандыгы билдирилген жок.  



Тектеш кабарлар