Нигерияда менингит эпидемиясынан 56 адам каза болду

Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит дем алуу жолдору аркылуу жугушу мүмкүн.

1889800
Нигерияда менингит эпидемиясынан 56 адам каза болду

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигерияда менингит эпидемиясынан 56 адам каза болду.

Нигериянын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун (NCDC) билдирүүсүндө, борбор шаар Абуджа менен катар кээ бир аймактарда менингит эпидемиясынын жайылып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө 961 менингит оорусу аныкталып, бейтаптардын 56сынын каза болгондугу кабарланды.

Эпидемияны көзөмөлдөө иштеринин башталганы айтылган билдирүүдө, моюн жана башы ооругандардын дароо ооруканага кайрылуусу керектиги эскертилди.

Билдирүүдө NCDCнин 2030-жылга чейин ооруну жеңүү боюнча глобалдык максатка умтулгандыгы баса белгиледи.

Мээден баштап бүт денени жабыркатуучу менингит дем алуу жолдору аркылуу жугушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар