Япониядан Орусияга кошумча санкция
Японияда өкмөт Москванын аннексия чечими менен байланышы бар 81 адамдын жана дагы 9 мекеменин активдеринин тоңдурулушун бекитти.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Херсон, Запорожье, Луганск жана Донецк аймактарынын аннексияланышы жөнүндөгү жарлыкка расмий кол коюусунун жаңырыгы уланып жатканда, Япония Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүү чечимин чыгарды.
Японияда өкмөт Москванын аннексия чечими менен байланышы бар 81 адамдын жана дагы 9 мекеменин активдеринин тоңдурулушун бекитти.
Чечимдин аннексияга түздөн-түз жооптуу болгон Украинанын чыгыш жана түштүгүндөгү орусиячыл жикчилдерди, жогорку бийлик өкүлдөрүн жана аскерий мекемелерди камтыганы белгилүү болду.
Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысынын орун басары Сейдзи Кихара, Орусиянын “элдик добуш берүү” жана “биригүү” деп мүнөздөгөн аракеттеринин Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана эл аралык укукту бузгандыгын билдирди.
Буга чейин көптөгөн орусиялык жеке жана мекемелердин мүлктөрүн тоңдурууга чечим чыгарган жана Украинага гуманитардык колдоо көрсөткөн япон өкмөтү Орусиядан көмүр импорттоону да акырындык менен токтоторун жарыялады.
Япония ошондой эле Украинадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон согуштун курмандыктарына эшигин ачкан.
Тектеш кабарлар
Канадада мечитте бычактуу кол салуу болду
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде 24 жаштагы шектүүнүн кармалганын билдирди.