Чехиянын премьер-министринен Түркияга мактоо

Петр Фиала Прагада Франциянын президенти Эмануэль Макрон жана Молдованын президенти Майя Санду менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

1889777
Чехиянын премьер-министринен Түркияга мактоо

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Түркиянын, миграция кризисинде негизги өлкө экенин айтты.

Петр Фиала өлкөсүнүн борбору Прагада өткөн Европа саясий шериктештигинин саммитинен кийин Франциянын президенти Эмануэль Макрон жана Молдованын президенти Майя Санду менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү.

Фиала пресс-конференцияда Европадагы миграция кризисине токтолду. Саммитке катышкан президент Режеп Таййип Эрдоган менен миграция баш болгон бир топ теманы сүйлөшкөндөрүн белгилеген Чехиянын премьер-министри: «Түркия миграция кризисинин ачкычы»,- деди.

Петр Фиала, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы Түркиянын ролун да мактап, согуш туткундарынын алмашуусунда жана Украинанын дан азыктарын экспорттоодо Түркиянын ролунун абдан чоң экенин маалымдады. 

Чехиянын премьер-министри: «Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө олуттуу салым кошууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар