АКШ ирандык эки министрге санкция киргизди

АКШнын Каржы департаменти билдирүү жасады.

1889820
АКШ ирандык эки министрге санкция киргизди

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Ирандагы митингдерде демонстранттарга күч колдонулган деген негиз менен ички иштер министри Ахмад Вахиди жана коммуникация министри Эйса Зарепурга санкция киргизе турганын жарыялады.

АКШнын Каржы департаменти тарабынан жасалган билдирүүдө, Иранда ылайыктуу эмес жоолук салынган деген айып менен кармалган 22 жаштагы Махса Аминин өлүмүнөн кийин интернеттин жабылышынан жана тынч нааразылык акцияларына карата зомбулуктан жооптуу жетекчилердин санкция тизмесине киргизилгендиги кабарланды.

Билдирүүдө Ирандын ички иштер министри Вахиди жана коммуникация министри Зарепур да арасында болгон 7 мамлекеттик жана коопсуздук кызматкерине Чет элдик активдерди көзөмөлдөө бюросунун (OFAC) санкция салганы белгиленди.



Тектеш кабарлар