Таиландда бала бакчага кол салуу болду

Кол салууда 24ү бала 35 киши каза тапты.

1889309
Таиландда бала бакчага кол салуу болду

Таиланддын Нонг Буа Ламфу аймагындагы балдар борборуна жасалган куралдуу кол салууда 24ү бала 35 киши каза болду.

Курал жана бычак колдонулган кол салууда жараланган 12 киши дарыланууда.

Таиланд өкмөтүнүн басма сөз катчысынын айтымында, кол салган киши аялын, баласын жана өзүн да өлтүргөн.

Мурдагы полиция кызматкери болгон 34 жаштагы кол салуучу Паня Хамраптын өткөн жылы баңги тестинин оң чыкканы боюнча армиядан бошотулганы кабарланды.



Тектеш кабарлар