Илхам Алиев менен Пашинян жолугушат
Жыйынга Президент Режеп Таййип Эрдогандын да катышуусу күтүлүүдө.
Армениянын премьер - министри Никол Пашинян Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен Европа Саясий Шериктештигинин (АСТ) жыйынында биринчи жолу төрт тараптуу жолугушуу өткөрөт.
Арменпресстин кабарына караганда Пашинян : "Европа Саясий Шериктештигинин саммитине катышуу үчүн Прагага барам. Ал жерде Азербайжандын президенти, Франциянын президенти жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы менен төрт тараптуу жолугушуу өткөрүүм пландалууда",- деди.
Чехиянын борбор шаары Прагада Европа Биримдигине мүчө 27 өлкө менен Европа Биримдигине мүчө болбогон 17 Европа өлкөсү чакырылган жыйын бүгүн өткөрүлөт.
Жыйынга Президент Режеп Таййип Эрдогандын да катышуусу күтүлүүдө. Жыйындын акырында расмий билдирүүнүн жарыяланышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Иракта ДЕАШ кол салды
Иракта террордук уюм ДЕАШ жасаган кол салууларда бирөөсү полковник болгон беш аскер каза болду.