Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Индияда чыккан сиропко карата эскертти

Өлкөдө өткөн айда көп сандаган баланын жергиликтүү сатылган парацетамол сиробун колдонгондон кийин 3 - 5 күндөн кийин  каза болгону билдирилген.

1889187
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Индияда чыккан сиропко карата эскертти

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Гамбияда аныкталган бөйөрөк жетишпестиги эпидемиясы жана 66 баланын өлүмүнөн кийин Индияда чыккан 4 сиропко карата эскертти. 

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун Твиттер эсебинен берилген маалыматта Гамбияда аныкталган бөйрөк жетишпестиги эпидемиясы жана 66 баланын өлүмүнөн кийин Индияда чыккан жана байланышы бар 4 дары үчүн да эскертүү берилди. 

Маалыматта : "4 дары, Индияда Maiden Pharmaceuticals Limited тарабынан чыгарылган жөтөл жана суук өткөнгө каршы сироп. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Индиядагы  фирма жана жөнгө салуу органдары менен дагы көп изилдөөлөрдү жүргүзүүдө",- деп  билдирилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ушул кезге чейин дарылардын бир гана Гамбияда аныкталганына карабастан өлкө тышына да таркатылгандыгы боюнча эскертти. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму өзгөчө бардык өлкөлөрдү бейтаптарга дагы көп  зыян бербеш үчүн өнүмдөрдү табууга жана жүгүртүүдөн алып салууга чакырды. 

Өлкөдө өткөн айда көп сандаган баланын жергиликтүү сатылган парацетамол сиробун колдонгондон кийин 3 - 5 күндөн кийин  каза болгону билдирилген.

Өкөмт бөйрөк жетишсиздиги эпидемиясы боюнча жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн алкагында ыктымалдуу себептердин  коли бактериялары жана парацетамол сиробунан чыккан уулуулугу деген жыйынтыкка  келген.

 

 



Тектеш кабарлар