Песков: «Биз чегинген жерлер кайра алынат»

Дмитрий Песков журналисттерге маалымат берди.

1888900
Песков: «Биз чегинген жерлер кайра алынат»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус армиясы Украинадан чыгып кеткен конуштардын кайра алынарын айтты.

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Дмитрий Песков президент Владимир Путиндин Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарынын Орусияга кошулушу жөнүндөгү мыйзамдарга кол койгонуна көңүл буруп:«Биздин өлкө бүгүнкү күндөн тарта укуктук өлчөмдө өстү. Бул абдан маанилүү»,-деди.

Песков орус армиясынын бул аймактардын кээ бир калктуу конуштарынан чыгарылышына баа берип жатып: «Бул жерде эч кандай карама-каршылык жок. Бул жерлер түбөлүк Орусия менен болот. Белгилүү жерлер кайра алынат”,-деп айтты.

Орус газын Европага ташыган Түндүк Агым 1 жана Түндүк Агым 2 жаратылыш газ куурларында болгон жарылууларга токтолгон Песков окуяга байланыштуу иликтөө процессине Орусиянын да кошулушу керектигин баса белгиледи.

ошондой эле АКШнын Украинага берген ХИМАРС менен Крымга сокку уруу мүмкүн деген билдирүүлөрүнө токтолгон Дмитрий Песков: «Мындай билдирүүлөр АКШнын бул маселеге тиешеси бар экенин кыйыр жана түздөн-түз тастыктайт. Бул өтө кооптуу кырдаалды жаратат”,-деди.

 «Кремлдин ашпозчусу» деп аталган орусиялык ишкер Евгений Пригожин 2014-жылдын 1-майында Донбасстагы кагылышуулардан улам орусиялык «Вагнер» коопсуздук компаниясын негиздегенин билдиргенин эске салган орус маалымат катчысы: «Пригожин Орусиянын жараны жана ишкер. Пригожин биздин өлкөдөгү бизнесмендер сыяктуу чоң салым кошуп жатат”,-деп айтты.

Песков Вагнердин статусу тууралуу суроону жоопсуз калтырды.



Тектеш кабарлар