Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Россияга карата санкция пакети боюнча келишти

Келишим түзүлгөн пакеттин бардык мазмуну азырынча толугу менен бөлүшүлө элек.

1888745
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Россияга карата санкция пакети боюнча келишти

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Россияга карата 8 -  санкция пакети тууралуу келишти.

Европа Биримдигинин кезектеги башкаруучусу Чехиянын расмий социалдык медиа эсебинен бөлүшүлгөн билдирүүсүндө мүчө өлкөлөрдүн элчилери Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча саясий келишим түзүшкөндөрү белгиленди.

Маалыматта санкциялардын Россиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын айрым аймактарын мыйзам тышы аннексиялашына каршы күчтүү жооп экендиги айтылып 8 -  санкция пакети жазуу түрүндө бекитилгенден кийин Европа Биримдигинин Расмий гезитинде жарыяланып ишке кирери билдирилди. 

Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен бул тема боюнча социалдык медиадан : "Бүгүн мүчө өлкөлөрдүн 8 -  санкция пакети боюнча келишимин ыраазычылык менен кабыл алдым",- деди. 

Ылдам жана чечкиндүү түрдө кыймыл кылгандарын белгилеген фон дер Ляйен : "Путиндин  референдуму жана Украинадагы аннексия  эч качан кабыл алынбайт",- деди. 

Европа Биримдиги комиссиясы өткөн жумада Россияга каршы соодага тыюу салуу жана орус мунайына карата чектүү бааны камтыган 8 -  санкция пакетин сунуш кылган. Келишим түзүлгөн пакеттин бардык мазмуну азырынча толугу менен бөлүшүлө элек.

 

 



Тектеш кабарлар