Германияда мечиттин дубалына мусулмандарга каршы жазуулар жазылды

Полициянын билдирүүсүндө, ишемби күнү эртең менен мусулмандарга каршы кол салууну уюштургандарды аныктоо үчүн иликтөө иштери башталганы белгиленди.

1888729
Германияда мечиттин   дубалына мусулмандарга каршы жазуулар жазылды

Германиянын Гессен аймагындагы  Оффенбах шаарында Түрк - Ислам Биримдигине  караштуу мечиттин дубалына мусулмандарга каршы (исламофобиялык) ураандар жана акаарат сөздөр жазылды.

Полициянын билдирүүсүндө, ишемби күнү эртең менен мусулмандарга каршы кол салууну уюштургандарды аныктоо үчүн иликтөө иштери башталганы белгиленди.

Ислам динине жана Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирген макалаларды жазгандарды кармоо үчүн окуяга күбө болгондордун полицияга кабарлоолору суранылды.

Өткөн жылы Германияда мусулмандарга жана мечиттерге карата 662 кылмыш иштелгендиги билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар