Владимир Зеленский Владимир Путин менен сүйлөшүүнүн мүмкүн эместигин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путин менен согуш тууралуу сүйлөшүүнүн мүмкүн эмес экендигине байланыштуу бир жарлыкка кол койду.

1888375
Владимир Зеленский Владимир Путин менен сүйлөшүүнүн мүмкүн эместигин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын президенти Владимир Путин менен согуш тууралуу сүйлөшүүнүн мүмкүн эмес экендигине байланыштуу бир жарлыкка кол койду.

Зеленский Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согуш тууралуу Россиянын президенти Путин менен сүйлөшүүнүн мүмкүн эмес экендигине байланыштуу Украина Улуттук Коопсуздук Кеңеши даярдаган жарлыкка кол койду.

Украина президенттигинин интернет сайтында жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Зеленскийдин  тиешелүү чечимге кол коюп, Россиянын Украина жерлерин аннексиялоосуна каршы көрүлө турган беренелерди камтыган;  Украина Улуттук Коопсуздугунун 30 - сентябрда даярдаган жарлыктын күчүнө киргени маалым болду.

Жарлыктын биринчи параграфында : «Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө болбойт»,- деп айтылды.

Россиянын Украина аймагынан чегинүүсү үчүн керек болгон кадамдардын ташталышы,  орус аскердик чабуулдарынын мизин кайтаруу, украин армиясынын күчтөндүрүлүшү, армияны көбүрөөк машыктыруу, коргонуу өнөр жайын чыңдоо жана коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн эл аралык колдоо көрсөтүү үчүн көрүлө турган чараларды камтыган жарлыкта төмөнкүлөр белгиленди : «Украинанын президенти Украина Жогорку радасынын (парламент) спикери жана Украинанын премьер  - минстринин Түндүк Атлантика Келишими Уюмуна биргелешкен кайрылуу тексти бекитилиши керек».



Тектеш кабарлар