Физика боюнча Нобель сыйлыгы үч илимпозго берилди

Физика боюнча Нобель сыйлыгы 1901 - жылдан бери жыл сайын физика тармагында адамзатка маанилүү салым кошкон кишилерге берилүүдө.

1888278
Физика боюнча Нобель сыйлыгы  үч илимпозго берилди

2022  физика Нобель сыйлыгы кванттык механикалар боюнча эмгектеринен улам француз физикчи Ален Аспектке, аиерикалык теория жана эксперименталдык физик Жон Ф.Клаузерге жана австриялык кванттык физик Антон Зейлингерге берилди. 

Швеция Королдук Илимдер Академиясында өткөн пресс  жыйында сыйлыктын үч илимпозго "чырмалышкан фотондор менен эксперименттер, Белл теңсиздиктеринин бурмаланышын көрсөтүү жана кванттык маалымат илиминде жол башчылык кылганы үчүн» берилгендиги билдирилди. 

Билдирүүдө Аспект, Клаузер жана Зейлингердин бул түптөлгөн эксперименттер менен чырмалышкан бөлүкчөлөрдү көзөмөлдөө жана изилдөө мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин ортого койгондугу белгиленди.

Физика боюнча Нобель сыйлыгы 1901 - жылдан бери жыл сайын физика тармагында адамзатка маанилүү салым кошкон кишилерге берилүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар