«Азов» командирлери Стамбулда жакындары менен жолугушту

Олена Зеленска да жолугушууга күбө болду.

1888304
«Азов» командирлери Стамбулда жакындары менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия жана Украина менен жүргүзгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында болгон туткун алмашуунун негизинде Түркияга алып келинген «Азов» командирлери жакындары менен жолугушту.

Украиналык командирлер Стамбулда үй-бүлөлөрү менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн дем алыш күндөрү Түркияга келген Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жубайы Олена Зеленска да эмоционалдуу көз ирмемдер болгон жолугушууга күбө болду.

Олена Зеленска Твиттердеги постунда төмөнкү сөздөрдү жазды: «Биз Түркияда "Азовдун" баатырлары менен жолугуштук. Аракет жана чыдамкайлык үчүн ыраазычылык билдирдик. /.../. Бүгүн маанилүү күн бирок алдыда дагы көп жол бар. Украина өз эркиндиги жана ар кимдин үйүнө кайтуусу үчүн күрөшөт»,-деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да видео кайрылуусун бөлүшүп, Орусия менен туткун алмашуунун натыйжасында Түркияга алып келинген украин аскерлеринин президент Режеп Таййип Эрдогандын колдоосу менен коопсуз экенин билдирди.



Тектеш кабарлар