Индонезияда болгон жер титирөө

Индонезиянын Түндүк Суматра штатында болгон 5,9 баллдык жер титирөөдө 1 киши каза болуп, 9 киши жаракат алды.

1887180
Индонезияда болгон жер титирөө

Индонезиянын Түндүк Суматра штатында болгон 5,9 баллдык жер титирөөдө 1 киши каза болуп, 9 киши жаракат алды. 

Индонезия метеорологиясы, климаттык жана геофизикалык мекемеси тарабынан берилген маалыматта өлкөнүн Түндүк Суматра штаттарында 5,9 баллдык жер титирөөнүн болгондугун билдирди. 

Маалыматта 2 имарат кулаган жер титирөөдө 1 кишинин каза болгондугу, 9 кишинин да жаралангандыгы маалымдалды. 

Жер титирөөдөн кийин  53 жер титирөөнүн катталгандыгы жана цунами коркунучунун жок экендиги, бирок жогорку аймактарда жер көчкү боюнча эскертүүсүнүн берилгендиги баса белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар