Францияда дагы бир мечит жабылууда

Акыркы эки жылда 23 мечитти жапкан Франция башкаруусу имамына «радикализм» шылтоосу менен бир мечиттин дагы жабыларын билдирди.

1886234
Францияда дагы бир мечит жабылууда

Акыркы эки жылда 23 мечитти жапкан Франция башкаруусу имамын «радикализм» менен  айыптаган шылтоо бир мечиттин дагы жабыларын билдирди.

BFMTV жана Le Figaro телеканалдарынын кабарына караганда Ички иштер министрлиги Бас-Рин аймагындагы Обернай мечитин жабуу процедурасын баштады.

Ички иштер министри Жеральд Дарманин Твиттер эсебинен Le Figaro гезитине : «Президент Эммануэль Макрондун талабы боюнча ислам жикчилдигине каршы күрөш уланууда»,- деп билдирди. Дарманин : «Акыркы 2 жылда 23 жикчил ибадаткана жабылды»,- деди.

Министрлик мечиттин имамын радикалдык үгүт иштерин жүргүзүп, француз коомуна кас мамиле жасап, Республиканын баалуулуктарына каршы чагымчыл сөздөрдү айтууда айыптоодо.

Францияда текшерүүгө алынган 99 мечиттин 23ү жабылып, айрымдары боюнча сот иштери башталган.

Париж администрациясы эл аралык коомчулук, өзгөчө Бириккен Улуттар Уюму, бейөкмөт уюмдар жана адам укугун коргоочу уюмдар тарабынан мусулмандарды бутага алуу жана маргиналдаштыруу менен сынга алынууда.



Тектеш кабарлар