Столтенберг: « Путиндин өзөктүк риторикасын олуттуу кабыл алышыбыз керек болот»

Йенс Столтенберг Европарламенттеги Социалисттер жана демократтар тобунун жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

1885445
Столтенберг: « Путиндин өзөктүк риторикасын олуттуу кабыл алышыбыз керек болот»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг: «Эгер биз Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзөктүк риторикасын кайра-кайра көрүп турсак, анда биз аны олуттуу кабыл алышыбыз керек болот»,-деди.

Йенс Столтенберг Европарламенттеги Социалисттер жана демократтар тобунун жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

НАТОнун Украинадагы согушка байланыштуу эки миссиясы бар экенин белгилеген Столтенберг, бири бул өлкөгө колдоо көрсөтүү, экинчиси кагылышуунун күчөшүнө бөгөт коюу экенин айтты.

Орусиянын акыркы күндөрү «жасалма референдумдар, ядролук алдамчылык, куралдуу күчтөрдү мобилизациялоо» менен кагылышууну күчөткөнүн баса белгилеген Столтенберг сөзүн мындайча улантты: «Биздин билдирүүбүз - өзөктүк куралды колдонуу таптакыр кабыл алынгыс. Бул чыр-чатактын мүнөзүн толугу менен өзгөртөт. Орусия өзөктүк согушту жеңүү мүмкүн эмес экенин жана эч качан согушпаш керек экенин билиши керек».

НАТОнун баш катчысы Столтенберг сөзүн улап: «Эгер биз Путиндин мындай өзөктүк риторикасын кайра-кайра көрүп турсак, анда биз аны олуттуу кабыл алышыбыз керек болот. Демек, бул Орусия үчүн олуттуу кесепеттерге алып келет жана өзөктүк согуш эч качан болбошу керек деген ачык билдирүү жөнөтүп жатабыз. Анан албетте, эскалациянын дагы бир түрү пайда болот, бул Украинадан жаман эскалация болот. Учурда Украинада болуп жаткан согуш, албетте, жаман жана украин эли үчүн трагедия, бирок НАТО менен Орусиянын ортосундагы толук кандуу согуш андан да жаман болот»,-деди.



Тектеш кабарлар