Зеленский: "NASAMS бизге жетти"

Владимир Зеленский CBS News телеканалында Маргарет Бреннандын коногу катары 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушундагы акыркы кырдаалды айтып берди.

1884378
Зеленский: "NASAMS бизге жетти"

Украинанын президенти Владимир Зеленский, АКШ тарабынан берилген Улуттук өнүктүрүлгөн жерден абага учуучу ракеталык системасынын (NASAMS) өздөрүнө жеткенин айтты.

Владимир Зеленский CBS News телеканалында Маргарет Бреннандын коногу катары 24-февралдан бери уланып жаткан Украина-Орусия согушундагы акыркы кырдаалды айтып берди.

Зеленский АКШнын президенти Жо Байденге жана АКШ Конгрессине Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип: «Биз системаны өткөрүп алдык. Булар абадан коргонуу системалары»,-деди.

Бул системалардын мектептер жана ооруканалар сыяктуу инфраструктураларды Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн жетишсиз экенине көңүл бурган Зеленский, украиналыктарды үйлөрүнө кайтаруу үчүн керектүү коопсуздукту жана каржылык колдоону камсыз кылуулары керектигин баса белгиледи.

Зеленский АКШдан танк сурагандарын да айтып: «Эгерде АКШ өзүнүн лидерлигин көрсөтүп бизге танктарды берсе, Германия жана берки Европа өлкөлөрү да бул кадамга кошулушат. Биз АКШдан танк сатып алсак, анда европалык өнөктөштөр да Украинанын шаарларын танктар менен басып алуудан сактап калууга жардам берет деп ойлойм»,-деди.



Тектеш кабарлар