Ирандагы демонстрациялар

Тегеранда бейшемби күнү, 22-сентябрга караган түнү аяктаган демонстрациялар жума күнү кечинде кайра уланды.

1883952
Ирандагы демонстрациялар

Иранда 22 жаштагы Махса Эмини «хиджаб эрежелерине баш ийбеди» деген жүйө менен кармалып каза болгондон кийин башталган демонстрациялар өлкөнүн көптөгөн шаарларында жана борбор шаар Тегеранда уланууда.

Тегеранда бейшемби күнү, 22-сентябрга караган түнү аяктаган демонстрациялар жума күнү кечинде кайра уланды.

Баш калаанын Мутахарри, Сеттархан жана Садикие аймактарында көп кишинин катышуусунда демонстрациялар өткөрүлдү.

Демонстрациялар маалында полиция менен демонстранттардын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп турган. Демонстранттар таштанды контейнерлерин өрттөп, баррикадаларды орнотуп жатканда, коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ жана таяк менен кийлигишти.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, өлкөнүн көптөгөн шаарларында 2 күндөн бери ондогон университет студенттеринин өкүлдөрү жана студенттер үйлөрүнөн камакка алынганы белгиленди.

Ирандын студенттик кеңештеринин Telegram каналынын маалыматына караганда, Тегеран университетинде камалган студенттердин саны 30га жетти.

Ал эми кечээ кечинде интернетти чектөө менен социалдык медиага кирүү толугу менен жабылды.

13-сентябрда Тегеранда «адеп-ахлак полициясы» деп аталган Иршад патрульдары тарабынан кармалып, комада ооруканага жеткирилген Эмининин 16-сентябрдагы өлүмү өлкөдө нааразылык жаратты.

17-сентябрда Махса Эмини кичи мекени Саккызда акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөндөн кийин Тегеранда жана өлкөнүн батышындагы шаарларда нааразылык акциялары башталды.



Тектеш кабарлар