Европа Саясий Коомчулугунун лидерлер жыйыны үчүн Түркияга чакыруу жөнөтүлдү

Европа Биримдигинин лидерлеринин биринчи жыйыны 6-7-октябрда, Евробиримдиктин кезектешкен төрагасы Чехиянын борбору Прагада өтө турган Евробиримдиктин лидерлер саммитинин алдында өткөрүлөт.

1883637
Европа Саясий Коомчулугунун лидерлер жыйыны үчүн Түркияга чакыруу жөнөтүлдү

 

 Европа Биримдигинин (ЕБ) Лидерлер Саммитинен мурда боло турган Европа Cаясий Коомчулугунун лидерлер жыйынына арасында Түркия да болгон 17 өлкөгө чакыруу жөнөтүлдү.

Европа Биримдигинин лидерлеринин биринчи жыйыны 6-7-октябрда, Евробиримдиктин кезектешкен төрагасы Чехиянын борбору Прагада өтө турган Евробиримдиктин лидерлер саммитинин алдында өткөрүлөт.

Жыйынга Евробиримдиктин 27 мүчөсүнөн тышкары 17 мамлекет чакырылган.

Евробиримдиктин расмий өкүлү 6-октябрда боло турган жолугушуу үчүн ЕБге мүчө эмес башка өлкөлөргө чакыруу жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Чакыруу каттарына Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишель жана Евробиримдиктин кезектешкен төрагасы Чехиянын премьер-министри Петр Фиала кол коюшту.

Чакыруу жөнөтүлгөн өлкөлөр Түркиядан тышкары Албания, Армения, Азербайжан, Босния-Герцеговина, Грузия, Исландия, Косово, Лихтенштейн, Молдова, Черногория, Түндүк Македония, Норвегия, Сербия, Швейцария, Украина жана Англия болду.

ЕБ администрациясы Европанын Саясий Коомчулугуна Европа континентиндеги өлкөлөрдүн саясий координациялоо платформасын түзүүнү көздөйт.

Ал саясий диалогду жана кызматташтыкты чыңдоо, ошону менен Европадагы коопсуздукту, стабилдүүлүктү жана гүлдөп-өнүгүүнү жогорулатуу аркылуу жалпы кызыкчылыктарды чечүүгө багытталган.

Европа Биримдигине альтернатива болбой турганы жана жаңы эл аралык уюм болбой турганы баса белгиленген Европа Саясий Коомчулугунун лидерлер деңгээлинде жылына бир же эки жолу чогулушу талап кылынууда.



Тектеш кабарлар