Азербайжан Араб лигасынын саммитине ардактуу конок катары чакырылды

Алжирдин тышкы иштер министри Рамтан Ламамра азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен жолугушту.

1883632
Азербайжан Араб лигасынын саммитине ардактуу конок катары чакырылды

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун Азербайжандын президенти Илхам Алиевди өлкөсүндө өтө турган Араб лигасынын саммитине ардактуу конок катары чакырды.

Алжирдин Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясы үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барган тышкы иштер министри Рамтан Ламамра азербайжандык кесиптеши Жейхун Байрамов менен жолугушту.

Билдирүүдө президент Теббундун, Кошулбоо кыймылынын учурдагы жетекчиси катары Азербайжандын президенти Илхам Алиевди ноябрда Алжирде өтө турган Араб лигасынын саммитине ардактуу конок катары катышууга чакырганы белгиленди.

Министр Ламамранын президент Теббундун чакыруу катын азербайжандык кесиптеши Байрамовго бергендиги, эки министрдин Кошулбоо кыймылынын эл аралык чыңалуудагы ролун активдештирүү темасында да пикир алмашкандары айтылды.  



Тектеш кабарлар