Шойгу: "Украинадагы согушта 5 миң 937 орус аскери набыт болду"
Борбор шаар Москвада маалымат жыйын өткөргөн орус министри, Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Украинадагы согушта 5 миң 937 орус аскеринин каза болгонун билдирди.
Борбор шаар Москвада маалымат жыйын өткөргөн орус министри, Украинада 24-февралдан бери уланып жаткан согушка байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.
Сергей Шойгу өлкөсүнүн Украина менен гана эмес, жамааттык Батыш менен да согушуп жатканын баса белгиледи.
Президент Владимир Путиндин жарым-жартылай аскердик мобилизация жарыясына токтолгон Шойгу, жарым-жартылай мобилизацияга "аскердик кызматты өтөгөн, атайын аскердик даярдыктан өткөн же аскердик тажрыйбасы бар адамдар" гана кабыл алынарын айтты.
Кызматка чакырылгандардын 1% гана фронтко жөнөтүлө турганын белгилеген Шойгу, бул адамдардын алгач даярдык үчүн аскердик окуудан өтөөрүн белгиледи.
Сергей Шойгу ошондой эле Украинадагы "атайын аскердик операцияда" орус армиясынын 5 миң 937 жоокеринен ажыраганын кабарлады.
Тектеш кабарлар
Израиль дагы бир журналистти өлтүрдү
2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берилди.