Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

1882916
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Президенттик бригадасынын аскерлери Донецкте «ийгиликсиз контрчабуул аракетин» жасаганын билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Украина армиясынын аскерлери Херсон облусундагы Правдино конушунун жанында 200дөн ашуун жоокерин жоготкондугун билдирген Конашенков: «Донецк облусунун Павловки шаарына жакын жерде ийгиликсиз контрчабуулга өтүүгө аракет кылган Украина Президенттигинин 1-бригадасынын 3-батальону аткылоого кабылып, душмандын жоготуусу 60тан ашуун курман жана жарадар, 4 танк жана 8 транспорт каражаттары болду»,-деп айтты.

Конашенков украин аскерлеринин Артёмовск (Бахмут) конушунун айланасындагы убактылуу жайгаштыруу пункттары жогорку тактыктагы ракеталар менен аткыланганын жана бул чабуулдарда Украинанын 75тен ашуун аскерин жоготкондугун айтты.

Орус аба жана согуштук тактикалык бөлүктөрү, ракета жана артиллериялык бөлүктөрү Украинанын Харьков жана Донецк аймактарындагы аскердик башкаруу борборуна сокку урганын билдирген Конашенков, Донецктеги «Донбас» аттуу улутчул топтордун убактылуу жайгаштыруу пунктунун жок кылынганын билдирди.

Конашенков Херсон жана Донецк аймактарында 12 арсенал жок кылынганын, Украинанын 11 учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Украина армиясынын Энергодар жана Запорожье атомдук станциясынын аймагына артиллериядан ок атууну улантып жатканын айткан Конашенков:«Учурда Украинага таандык 295 учак, 155 тик учак, 2018 учкучсуз учуучу аппарат, 375 абадан коргонуу ракеталык системасы, 5 миң 52 танк жана бронетехника, 841 көп стволдуу ракета аткычтар, 3405 гаубицалар жана минометтор, 5743 жеке менчик аскердик техникалар жана унаалар жок кылынды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар