Макрон БУУну реформалоого чакырды

Эммануэль Макрон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөдү.

1882689
Макрон БУУну реформалоого чакырды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде (БУУ) көбүрөөк өкүлчүлүк үчүн реформаларды жүргүзүүгө чакырды.

Эммануэль Макрон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөдү.

БУУнун Коопсуздук Кеңешин жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга жана анын өкүлчүлүк мүмкүнчүлүктөрү кеңири болушу үчүн реформаны баштоого чакырган Макрон, реформанын негизинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин массалык кыргындар темасында вето укугун чектөөнү талап кылды.

Макрон БУУнун жана мамлекеттердин согуш же тынчтыктын бирөөнү тандоого аргасыз болгондоруна токтолду.

«24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Орусия (Украинага каршы) агрессиясы, басып алуусу жана аннексиялоосу менен биздин жамааттык коопсуздукту бузду» деген Макрон, Орусиянын БУУнун конвенциясын жана мамлекеттердин эгемендик тең укуктуулук принцибин бузганын айтты.

Украинадагы согуш канчалык узакка созулса, Европа жана дүйнө тынчтыгы үчүн ошончолук кооптуу болоорун белгилеген француз лидери: «24-февралдан бери биз туш болгон нерсе, империализмдин жана колониализмдин дооруна айлануу»,- деди.



Тектеш кабарлар