АКШда "Фион" бороону аралдарга карай баратат

Бороон таасирдүү болгон аймакта 1 миллион кишини суусуз жана 3 миллиондон ашуун арал тургунун электрсиз калтыргандыгы билдирилди.

1882543
АКШда  "Фион" бороону аралдарга карай баратат

АКШнын  түштүгүндөгү арал өлкөлөрүндө  башталган жаңы бир бороон күчөө менен өлкөнүн аралдарына карай жакындагандыгы, жакынкы убакта күчүнүн категория 4кө чыгары билдирилди.

Улуттук Бороон Борборунан берилген маалыматта "Фиона" деп аталган бороондун  Атлантика океанындагы  Доминикан республикасы жана Порто -  Рико сыяктуу арал мамлекеттеринде миллиондогон кишинин  турмуштук шарттарына  зыянын тийгизип,   Теркс жана Кайкос аралдарына карай багыт алгандыгы тууралуу маалымат берилди. 

Бороон таасирдүү болгон аймакта 1 миллион кишини суусуз жана 3 миллиондон ашуун арал тургунун электрсиз калтыргандыгы билдирилип, ашыкча жамгыр жаашынын суу ташкындарынын болушу боюнча эскертүү берилди. 

АКШнын президенти Жо Байден бүгүн эрте мененки сааттарда "Фиона" бороону болгон Порто - Рико губернатору Педро Пьерлуиси менен телефон аркылуу сүйлөшүп, федералдык жардамдардын аймакка мүмкүн болушунча тез арада жетет деп убада берген.

 

 



Тектеш кабарлар