БУУ Азербайжан - Армения чыңалуусу тууралуу билдирди

БУУ Азербайжан менен Армениянын ортосунда акыркы күндөрдө күч алган чыңалуудан  тынчсызданып жаткандыгын айтып, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ок атышпоодон ыраазы экендигин белгиледи.

1880758
БУУ Азербайжан  -  Армения чыңалуусу тууралуу билдирди

БУУ Азербайжан менен Армениянын ортосунда акыркы күндөрдө күч алган чыңалуудан  тынчсызданып жаткандыгын айтып, эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ок атышпоодон ыраазы экендигин белгиледи.

«Эл аралык тынчтык жана коопсуздуктун сакталышы» деген темада чогулган БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Азербайжан менен Армениянын ортосундагы кагылышуулар каралды. Кеңеште сөз сүйлөгөн БУУнун Саясий маселелер боюнча башкы катчысынын Европа, Борбор Азия жана Америка боюнча орун басары Мирослав Енча эки өлкөнүн ортосунда мурдагы күнү ок атышууну токтотууга карата ыраазычылыгын билдирип : «Жарандарга карата таасиринен улам бул коркунучтуу абалдан тынчсызданып,  тараптарды чыңалууну азайтуу үчүн тез жана так кадамдарды таштоого чакырабыз»,- деди.

Бул жумада эки өлкөнүн ортосунда болгон окуялардын аймакты туруксуздаштыруу потенциалына  ээ экендигин так түрдө эске салган Енча  эл аралык коомчулукту, тараптардын ортосундагы чыңалууну  азайтып, тынчтыкчыл жол менен чечүү, эч кандай аракетти аябашы керетигин баса белгиледи.

Азербайжандын Коргоо министрлиги 12 -  сентябрь түнү жана 13 -  сентябрь күнү эрте менен Армения армиясынын Азербайжан менен чек аранын Даскесен, Келбежер, Лачин жана Зенгилан багыттарында кенен масштабдуу чагымчылдык кылгандыгын жарыялаган.

Министрлик кагылышууларда 71 аскердин шейит болгондугун, Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян болсо 105 армян аскеринин каза болгондугун билдирген.



Тектеш кабарлар