Абдуллахиян: «Эгерде биз чынчыл болсок, келишимге жетишсе болот»

Entekhab кабар сайтына ылайык, Абдуллахиян нигериялык кесиптеши Жеффри Оньеама менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1879898
Абдуллахиян: «Эгерде биз чынчыл болсок, келишимге жетишсе болот»

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян эгер Америка Кошмо Штаттары (АКШ) чынчыл болсо, өзөктүк келишимди ишке ашыруу боюнча акыркы келишимге жетишүү мүмкүн экенин билдирди.

Entekhab кабар сайтына ылайык, Абдуллахиян нигериялык кесиптеши Жеффри Оньеама менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өзөктүк келишимдин ишке ашырылышына байланыштуу сүйлөшүүлөргө токтолгон Абдуллахиян өлкөсүнүн туруктуу келишимге жетишүү чечкиндүүлүгүн баса белгилеп: «Биз Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) техникалык маселелер боюнча өз милдетин аткарып, саясий көз караштардан алыс болот деп үмүттөнөбүз. Эгер АКШ бул маселеге реалдуу мамиле кылса, келишимге жетишүү мүмкүн»,-деп айткан.

Нигериянын тышкы иштер министри Оньеама АКШнын өзөктүк келишимге кайтып келишинен жана көйгөйлөрдүн чечилээринен үмүттөнүшкөндөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар