Орус аскерлери Харьковго чабуул коюшту

Харьков шаарынын борборунда кечинде 5 башка жардыруу угулду. Орус күчтөрү тарабынан шаарга атылган ракеталар 5 үйгө тийген.

1878394
Орус аскерлери Харьковго чабуул коюшту

Орус күчтөрүнүн Украинанын чыгышындагы Харьков шаарынын борборуна көп ракета аткыч системасы менен жасаган кол салууларында 1 киши каза болуп, 2 киши жараланды.

Харьков шаарынын борборунда кечинде 5 башка жардыруу угулду. Орус күчтөрү тарабынан шаарга атылган ракеталар 5 үйгө тийген.

Кол салуулардан улам 2 үйдөн өрт чыгып, үчөө зыянга учурады. Өрттөн улам айлананы катуу түтүн каптап жатканда аймакка көп сандаган тез жардам жана полиция топтору жөнөтүлдү.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен өрт өчүрүлдү. Кол салуулардан улам Харьковдун борборунда сиреналар кечки сааттарда тез-тез жаңырып жатты.

Бир тараптан Харьков шаарынын мэри Ихор Терехов социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө кол салууларда 1 кишинин каза болгонун, 2 кишинин жараланганын, 3 үйдүн зыян тартканын айтты.

Орусия чек арасынан болжол менен 45 километр алыстыкта ​​жайгашкан жана Украинанын борбор калаа Киевден кийинки экинчи чоң шаары болгон Харьков, орус күчтөрүнүн ракеталык жана снаряддык чабуулдарына көп учурайт.

Кол салуулардан улам Харьков калкынын жарымынын шаардан чыгып кеткени билдирилди.

Бир тараптан Орусиянын Коргоо министрлиги армиясы көзөмөлдөгөн Украинанын Харьков аймагындагы Изюм жана Балаклей шаарларынан чегинүүгө киришкенин жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлиги орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттерине байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө, «Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик операцияда максатка жетүү үчүн Харьков облусунун Балаклея жана Изюм шаарларындагы аскерлерин «Донецк элдик республикасы» деп аталган аймакка багыттоо максатында изилдөө жүргүзүлгөнү» баса белгиленген. 

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар