"Европа саясий шериктештиги" жыйыны

Жыйында талкуулана турган негизги темалар Орусиянын 24-февралда башталган Украинага кол салуусу, энергетика кризиси, климат, коопсуздук жана экономика болот.

1877241
"Европа саясий шериктештиги" жыйыны

Европа Биримдиги (ЕБ) келерки айда Чехияда өтө турган ЕБ саммитинде лидерлер деңгээлиндеги «Европа саясий шериктештиги» жыйынына Түркия да арасында болгон 17 өлкөнү чакырууга даярданууда.

Евробиримдиктин жогорку даражалуу өкүлүнүн маалыматына караганда, 6-7-октябрда Чехияда өткөрүлө турган Евробиримдиктин лидерлеринин бейформал саммитинин алдында «Европа саясий шериктештиги» жыйыны пландалууда.

Евробиримдиктин 27 мүчөсүнөн тышкары Түркия, Батыш Балкан өлкөлөрү Сербия, Черногория, Албания, Түндүк Македония, Косово жана Босния-Герцеговина, ошондой эле Норвегия, Лихтенштейн, Швейцария, Англия, Исландия, Украина, Грузия, Молдова, Армения жана Азербайжан лидерлер деңгээлинде чакырылат.

Жыйында талкуулана турчу негизги темалар Орусиянын 24-февралда баштаган Украинага кол салуусу, энергетика кризиси, климат, коопсуздук жана экономика болот.

Евробиримдиктин жетекчилери "Европа саясий шериктештигин" ЕБга да, үчүнчү өлкөлөргө да тиешелүү болгон “инклюзивдик процесс” катары сыпатташууда.



Тектеш кабарлар