Египетте маймыл чечеги

Вирустун бир египеттикте аныкталганы жана бул кишинин ооруканада карантинге алынганы кабарланды.

1877339
Египетте маймыл чечеги

Египетте маймыл чечеги оорусунун биринчи учуру катталды. 

Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фейсбук баракчасындагы билдирүүдө, вирустун бир египеттикте аныкталганы жана бул кишинин ооруканада карантинге алынганы кабарланды.

Европа өлкөлөрүнүн биринде жашоого уруксаты бар 42 жаштагы Египет жаранынын бул өлкөгө бат-баттан келип турганы айтылган билдирүүдө, бейтаптын ден соолугунун жакшы экени жана аны менен байланышта болгон адамдарга карата керектүү чаралардын көрүлгөнү маалымдалды.

Эндемикалык вирус себеп болгон сейрек кездешүүчү оорулардын бири катары белгилүү болгон маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп экиге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус ысытма жана кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.



Тектеш кабарлар