Шольц менен Макрон сүйлөшүү өткөрдү

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейт маалымат берди.

1876387
Шольц менен Макрон сүйлөшүү өткөрдү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольц энергия бааларын сүйлөштү.

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Хебестрейттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Шольцтун Макрон менен видеоконференция өткөргөнү, эки лидердин Европанын энергия менен камсыз кылуусу жана энергия бааларынын учурдагы абалы тууралуу пикир алмашканы белгиленди.

Европа деңгээлинде ыктымалдуу чаралар менен катар энергетика тармагындагы Франция-Германия тилектештигине да баа берилгендиги, Шольц менен Макрондун пландалган улуттук кадамдар жана чаралар тууралуу өз ара маалымат бергендери билдирилди.



Тектеш кабарлар