Майя Санду Приднестровье маселеси боюнча Орусиянын «чагымдарына» багынбай тургандарын билдирди

Молдованын Гагауз автономиялуу облусуна барган Санду Гагауз Элдик ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

1875346
Майя Санду Приднестровье маселеси боюнча Орусиянын «чагымдарына» багынбай тургандарын билдирди

Молдованын президенти Майя Санду Приднестровье маселеси боюнча Орусиянын «чагымдарына» багынбай тургандарын билдирди.

Молдованын Гагауз Жери автономиялуу аймагына барган Санду Гагауз Элдик ассамблеясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Гагауз автономиялуу облусунун президенти Ирина Влах жана Элдик жыйындын төрагасы Дмитрий Константинов катышты.

Комрат мамлекеттик университетинде студенттер жана окутуучулар менен жолугушкан Санду Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун «Молдавиянын Приднестровье аймагындагы орус аскерлерине карата коркутуу Орусияга жасалган кол салуу катары кабыл алынат» деген билдирүүсүнө сереп салып: «Биз бул провокацияларга багынбайбыз. Биз тынчтыкчыл өлкөбүз жана тынчтыкты каалайбыз. Украинада да тынчтык орнойт деп ишенебиз»,-деп айтты.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштун Молдовага да таасирин тийгизгенин белгилеген Санду: «Согуш биздин жаныбызда жүрүп жатат. Молдовада тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо маанилүү жана биз бул үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Молдовада башаламандык жаратууга, жарандарды улуттук, этникалык же аймактык негизде бөлүп-жаруу аракеттерине жол берилбеши керек»,-деп айтты.

Гагауз Жери автономиялуу аймагынын укуктарына байланыштуу көйгөйгө токтолгон Санду аймактын бийликтерин Молдова мыйзамдары менен шайкеш келтирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Гагауз Жери автономиялуу аймагынын укуктарын чектөөнү максат кылбаганын жүйө келтирген Санду: «1994-жылы автономиялуу облусту түзүүнүн негизги максаты - гагауз элинин тилин, өзгөчөлүгүн жана маданиятын сактап калуу болгон. Тилекке каршы, бул максат азырынча аткарыла элек. Гагауз тили мектептерде жана  алтургай күнүмдүк турмушта барган сайын азыраак колдонулуп жатат. Гагауз тили жок болуп бара жаткан тилдердин тизмесинде жана биз ага жол бере албайбыз. Биз бул маселени чогуу чечишибиз керек. Гагауз тилин жана маданиятын келечек муундар үчүн сактап калуу үчүн олуттуу аракеттер керек»,-деди.

Гагауздардын румын тилин үйрөнүүсүнүн маанисине көңүл бурган Санду мунун Гагауз автономиясынын өлкөнүн маданий, коомдук жана саясий жашоосуна кошулушуна жардам берерин белгиледи.



Тектеш кабарлар