АКШ Индиянын Орусия менен машыгуу өткөрүшүнө тынчсыздануусун билдирди
Карин Жан-Пьер пресс-конференцияда суроолорго жооп берди.
1874887
АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер Индиянын Орусия менен «Восток-2022 (Чыгыш)» машыгууларына катышуусуна тынчсыздануусун билдирди.
Жан-Пьер күнүмдүк пресс-конференцияда «Восток-2022» машыгуусу тууралуу суроого: «Орусия Украинага каршы ырайымсыз согуш жүргүзүп жаткан мезгилде, АКШ Орусия менен машыгуу өткөргөн ар бир өлкө үчүн тынчсызданууда. Бирок албетте ар бир өлкө өз алдынча чечим чыгара алат»,-деп жооп берди.
Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда кечээ башталган «Восток-2022» машыгуусуна Орусия, Кытай, Индия жана Азербайжан да арасында болгон 14 өлкөнүн аскерлери жана аскердик байкоочулары катышууда.