Орусияда "Восток-2022" аскердик машыгуусу

Машыгуу 7-сентябрга чейин уланат.

1874538
Орусияда "Восток-2022" аскердик машыгуусу

Орусияда «Восток-2022» аскердик машыгуусу башталды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, «Восток-2022» машыгуусуна Орусия, Кытай, Индия жана Азербайжан менен бирге 14 өлкөнүн аскерлери жана аскердик байкоочулары катышууда.

Орусиянын 7 полигонунда жана Охот деңизи менен Япон деңизинин сууларында (Чыгыш деңизи) өтүп жаткан машыгууда 50 миңден ашуун аскер жана 140 учак менен 60 согуштук кемеден тышкары 5 миңден ашык курал-жарак жана аскердик техника бар.

Өлкөнүн чыгыш аймагында тынчтыкты сактап, аскердик коопсуздукту камсыздоо максаттарына басым жасалган машыгуу Орусиянын Башкы штабынын жетекчилигинде өтүүдө.

Машыгуу 7-сентябрга чейин уланат.



Тектеш кабарлар