Орусиянын Украинадагы чабуулдары уланып жатат

Орустар Энергодар шаарын бомбалашты.

1873419
Орусиянын Украинадагы чабуулдары уланып жатат

Украинанын Запорожье облусунун Энергодар мэри Дмитрий Орлов, Запорожье атомдук станциясынын айланасындагы турак-жайлардын бомбаланганын жана алгачкы маалыматтарга караганда 10 кишинин жарадар болгонун билдирди.

Орлов, Твиттердеги билдирүүсүндө: «Энергодар шаарынын 3чү, 4чү жана 5-кичи райондоруна кол салуу болуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча 10 адам жабыркады. Үйлөрдүн айнектери сынды. Токтоп турган унаалардан өрт чыгып жатат»,-деди.

Ал арада Украина президентинин аппаратынын басма сөз катчысы Андрей Ермак, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин адистеринин Запорожье атомдук станциясына бара жатканын билдирди.

Ермак, электр станциясынын айланасындагы кол салууларга байланыштуу: «Орустар Энергодарды аткылашты. Алар дүйнөгө чагым салып, шантаж кылууга аракет кылып жатышат»,-деп айтты.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө болсо 24-февралдан 21-июнга чейин орус армиясынын согуштагы жоготуулары тууралуу болжолдуу маалыматтар жаңыланды.

Согушта каза болгон орус аскерлеринин саны 47 миң 100гө жетип, Орусияга таандык 234 учак, 203 тик учак, 1947 танк, 4269 бронетехника жана 1060 артиллерия жок кылынды.

Орус аскерлери ошондой эле 3188 унаа, 15 кеме жана 844 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Орусиянын Коргоо министрлиги 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин набыт болгонун кабарлаган.

Ал эми Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный Орусия менен 24-февралда башталган согушта 9 миңдей украин аскеринин каза болгонун билдирген.

 



Тектеш кабарлар