Зеленский менен Жонсон маалымат жыйын өткөрдү

Борис Жонсон Украинанын 31-Эгемендүүлүк күнүндө Киевге барды.

1872109
Зеленский менен Жонсон маалымат жыйын өткөрдү

Орусия-Украина согушунун башталышында өлкөсүндөгү күч дүйнөгө биримдиктин кандай экенин көрсөттү деп ишенгенин белгилеген Зеленский, согуш учурунда өлкөсү биримдикте болгонун айтты.

Зеленский Орусиянын согушта күч алышына жол бербөө Украина үчүн да, Батыш үчүн да маанилүү экенин белгилеп: «Тынч тура албайбыз, чыр-чатакты тоңдуруп, бир жыл, эки-үч жыл күтө албайбыз»,-деди.

Украина үчүн согуш учурунда чет мамлекеттердин колдоосун жоготпоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген Зеленский: «Эч кандай учурда биз энергетикалык тобокелчиликтер аркылуу да, жылуулук мезгили аркылуу да, өзөктүк шантаж, Кара деңизди тосуу жана башкалар аркылуу да демилгени Орусияга калтырбашыбыз керек. Украинанын демилгени жоготконго же Европанын демилгеден кол жууп калышына укугу жок»,-деп айтты.

Украинанын жеңиши бириктире турганын жана демилгени жоготууга бөгөт боло турганын баса белгилеген Зеленский, согуш башталгандан бери Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн Улуу Британиянын премьер-министри Жонсонго ыраазычылык билдирди.

Борис Жонсон Украинанын 31-Эгемендүүлүк күнүндө Киевге барды.

Премьер-министрликтен кеткенге чейин Украинага жасаган акыркы сапарында Жонсонго Украинанын эркиндигин бекем колдогону үчүн Украинанын чет элдиктерге эң жогорку сыйлыгы болгон «Эркиндик ордени» тапшырылды.



Тектеш кабарлар