Орусия менен Франциянын коргоо министрлери сүйлөштү

Орусиянын Коргоо министрлиги маалымат берди.

1872333
Орусия менен Франциянын коргоо министрлери сүйлөштү

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну менен Запорожье атомдук электр станциясындагы кырдаалды талкуулады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, француз тараптын демилгеси менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Шойгу менен Лекорнунун Украинадагы Запорожье атомдук станциясына байланыштуу абалды карап чыккандары белгиленди.

Билдирүүдө: "Шойгу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн АЭСтин коопсуз иштешине тоскоол боло турган кыймылдарына сереп салды. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кызматкерлеринин Запорожье АЭСине сапарынын маанисине жана агенттиктин инспекторлоруна зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигине көңүл бурулду",-деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар