Лавров Педерсен менен жолугушту
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Москвада болгон жолугушууда Сирия маселесинин актуалдуу жактары тууралуу кеңири сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр О.Педерсен менен жолугушту.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Москвада болгон жолугушууда Сирия маселесинин актуалдуу жактары тууралуу кеңири сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Жолугушууда Сириянын Конституциялык комитетинин ишине өзгөчө көңүл бурулуп, бул сүйлөшүү аянтчасында диалогду улантуунун маанилүүлүгү ырасталды.
Жолугушууда Сириядагы социалдык-экономикалык абалды жөнгө салууга көмөктөшүү маселелери да талкууланды.Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2642-резолюциясына ылайык Сириянын социалдык инфраструктурасын калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү талабы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.