Эди Рама Эрдоган жөнүндө сөз кылды

Эди Рама Австрияда өткөрүлгөн Alpbach Европа форумунда Түркиянын пандемия мезгилиндеги ролу жана жардамдарына токтолду.

1872034
Эди Рама Эрдоган жөнүндө сөз кылды

Албаниянын премьер-министри Эди Рама коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилинде Түркиянын аларга колдоо көрсөткөнүн билдирип: «Түркиянын президенти болбогондо (Режеп Таййип Эрдоган) биз вакциналарга ээ болмок эмеспиз»,-деди.

Австрияда өткөрүлгөн Alpbach Европа форумунда «Европа Биримдигинин геосаясий ойгонуусу» темалуу панелде сөз сүйлөгөн Эди Рама, өлкөсүнүн Европага интеграциясы, Түркиянын пандемия мезгилиндеги ролу жана жардамдары, косоволуктарды Европа визасынан бошотуу сыяктуу көптөгөн маселелерге токтолду.

Эди Рама, Ковид-19 пандемиясы учурунда Түркиянын колдоосун түшүндүрүп: «Биз геостратегияны талкуулаганда, Батыш Балкандарга кирүүгө уруксат берилбеши керек болгон үчүнчү актерлор жөнүндө сүйлөшөбүз. Бирок өмүр маселеси сөз болгондо, Батыш Балкандагы көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган Кытай, Орусия жана Түркия. Түркиянын президенти болбогондо, биз вакциналарга ээ болмок эмеспиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар