Андерссон: «ПККнын чүпөрөктөрүн желбиретип жаткан Сол партия менен өнөктөш болуу ниетибиз жок»

Премьер-министр Андерссон SVT мамлекеттик телеканалына жасаган билдирүүсүндө 11-сентябрда боло турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор тууралуу баа берди.

1872237
Андерссон: «ПККнын чүпөрөктөрүн желбиретип жаткан Сол партия менен өнөктөш болуу ниетибиз жок»

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон 11-сентябрда боло турган парламенттик шайлоодон кийин жикчил террордук уюм ПККнын чүпүрөктөрүн көтөрүп чыккан Сол партия менен өнөктөштүк кылууну ойлобогондорун айтты.

Премьер-министр Андерссон SVT мамлекеттик телеканалына жасаган билдирүүсүндө 11-сентябрда боло турган парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор тууралуу баа берди.

Шайлоодон кийин түзүлө турган өкмөткө токтолгон Андерссон жикчил террордук уюм ПККнын чүпөрөктөрүн желбиретип жаткан Сол партия менен өнөктөш болуу ниети жок экенин айтты.

 Андерссон: «Азырынча террордук уюм катары таанылган ПККнын чүпүрөктөрүн желбиретип жаткан Сол партия менен өнөктөш болууну пландаган жокпуз»,-деп айтты.

Солчул партиядан депутаттар Даниел Риазат, Момоду Малком Жаллоу жана Лорена Делгадо Варас 7-июлда Висби шаарында жикчил террор уюму ЙПГ/ПККны символдоштурган чүпөрөктөр менен сүрөткө түшүп, социалдык медиа аркылуу бөлүшкөн.

Андан кийин премьер-министр Андерссон солчул партиядан чыккан депутаттардын террордук уюмду символдоштурган чүпөрөк менен сүрөткө түшүшүн айыптады.

Андерссон Швециянын расмий маалымат агенттиги TTга берген маегинде: «ПКК бир гана Швецияда эмес, Европа Биримдиги өлкөлөрүндө да террордук уюмдардын тизмесинде. Бул желек менен сүрөткө түшүү өтө туура эмес»,-деп айтты.

Адилет жана ички иштер министри Морган Йоханссон да Твиттер баракчасынан ПККнын колунда көптөгөн күнөөсүздөрдүн каны бар экенин белгилеп:«ПКК 1984-жылы Улоф Пальме өкмөтү тарабынан террордук уюм катары таанылган»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар