Путин менен Пашинян Карабахтагы кырдаалды талкуулашты
Путин менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү.
![Путин менен Пашинян Карабахтагы кырдаалды талкуулашты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c264/7282/114c/5b56c56d8cee1.jpg?time=1718866157)
Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен сүйлөштү.
Кремлден берилген маалыматка караганда, армян тараптын демилгеси менен Путин менен Пашиняндын ортосунда өткөрүлгөн телефондук сүйлөшүүдө Карабахтын тегерегиндеги кырдаал талкууланды.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын ноябрында, 2021-жылдын январында жана 2021-жылдын ноябрында Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин ортосунда кол коюлган үч тараптуу келишимдерди ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгү ырасталган сүйлөшүүдө, аймакта стабилдүүлүктү камсыз кылууда орус күчтөрүнүн ролуна басым жасалды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусия менен Армениянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө байланышкан айрым актуалдуу маселелердин да талкууланганы белгиленди.