Украинанын башкы штабынын башчысы: "9 миң жоокер каза болду"

Залужный бир форумда сүйлөгөн сөзүндө украиналык балдардын согуштан улам коргоого муктаж экенин айтты.

1871053
Украинанын башкы штабынын башчысы: "9 миң жоокер каза болду"

Украинанын Башкы штабынын башчысы Валерий Залужный Орусия менен 24-февралда башталган согушта 9 миңдей украин аскеринин каза болгонун билдирди.

Интерфакстын кабарына караганда Башкы штабдын төрагасы Залужный бир форумда сүйлөгөн сөзүндө украиналык балдардын согуштан улам коргоого муктаж экенин айтты.

Залужный: «(Украиналык балдар) Чындап эле болуп жаткан эч нерсени түшүнүшпөйт жана алар сөзсүз коргоого муктаж. Анткени алардын атасы фронтко кеткен жана өлтүрүлгөн 9000ге жакын баатырдын арасында болушу мүмкүн»,- деди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский апрель айында берген маегинде, согушта 3 миңдей украин жоокеринин курман болгонун билдирген.


Этикеткалар: #Украиналык балдар

Тектеш кабарлар