Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Украинанын Башкы штабы акыркы 24 саатта болгон кагылышуулар жана орус армиясынын жоготуулары тууралуу билдирүү жасады.

1871406
Орус армиясынын Украинадагы жоготуулары

Орус армиясынын Бахмут жана Авдеевка багытындагы чабуулдарына украин армиясы тарабынан бөгөт коюлганы маалымдалды.

Украинанын Башкы штабы акыркы 24 саатта болгон кагылышуулар жана орус армиясынын жоготуулары тууралуу билдирүү жасады.

Буга караганда, Бахмут багытында чабуул жасоого аракет кылган орус аскерлери ийгиликке жетпей, чегиништи.

Орус күчтөрүнүн Авдеевкага танк, артиллерия жана ракеталарды колдонуу аракетине украин армиясы тоскоол болду.

Украинанын Башкы штабынын дагы бир билдирүүсүндө, орус армиясынын көпчүлүгү Донецк аймагындагы 150 аскеринен ажыраганы белгиленди.

Билдирүүдө Украинада 24-февралдан 23-августка чейин жалпы 45 миң 550 орус аскеринин таасирсиз абалга келтирилгени кабарланды. Бул мезгилде орустарга таандык 234 учак, 198 тик учак, 1921 танк, 4238 бронетехника, 1333 замбирек, 266 ракета аткыч жана 146 абадан коргонуу системасынын жок кылынганы маалымдалды.

Ошондой эле орус күчтөрүнүн 3 миң 150 унаа, 15 кеме жана 817 учкучсуз учуучу аппаратын жоготкону, орустар тарабынан учурулган 196 канаттуу ракетанын Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылганы айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу жарыяланган, бирок жоготуулар боюнча маалыматтар кийинчерээк жаңыланган жок.



Тектеш кабарлар