New York Times: «Дедеагач АКШнын курал борборуна айланды»

Гезиттеги кабарда мындан бир нече жыл мурда дээрлик колдонулбаган порттун АКШнын Чыгыш Европадагы катышуусун күчтөндүрүү кадамдары менен «борбордук ролду» өзүнө алганы белгиленген.

1870814
New York Times: «Дедеагач АКШнын курал борборуна айланды»

Америкада чыгуучу New York Times гезити Грециянын Дедеагач шаары Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) курал борбору экенин жазган.

Гезиттеги кабарда мындан бир нече жыл мурда дээрлик колдонулбаган порттун АКШнын Чыгыш Европадагы катышуусун күчтөндүрүү кадамдары менен «борбордук ролду» өзүнө алганы белгиленген.

Пентагон, АКШнын Коргоо министрлиги «Орусиянын агрессиясын» шылтоолоп, аймакка эбегейсиз чоң куралдарды жибергени баса белгиленди.

Кабарда сөз кылынган кадамдардын Түркиянын реакциясына себеп болгону маалымдалып, президент Режеп Таййип Эрдогандын Грециядагы АКШнын аталган аскерий форпосттору кимге каршы курулду деген суроосун эске салды.

АКШ тарабынан Дедеагач (Александруполи) аркылуу ташылган аскердик материал өткөн жылы 14 эсеге көбөйүп, 3100 «даанага» жеткени жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар