Йеменде чагылгандын айынан 13 адам каза тапты

Окуяда 21 киши да жаракат алды.

1870592
Йеменде чагылгандын айынан 13 адам каза тапты

Йемендин түндүгүндөгү Хаж жана Амран шаарларында чагылгандын себебинен акыркы 24 саатта 13 киши каза болуп, 21 киши жаракат алды.

SABA агенттигинин кабарында, Хаж шаарынын ар кайсы жерлерине түшкөн чагылгандын кесепетинен 7 кишинин каза болгондугу, 8 кишинин жаракат алгандыгы белгиленди.

'September Net' интернет сайтындагы кабарда болсо Амран шаарында көңүл айтуу зыйнаты учурунда чагылган түшүп 6 аялдын каза болгондугу, 13үнүн жаракат алгандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар