Сомалидеги кол салууда 20 киши каза болду, Түркия катуу айыптады

Аскердик расмий өкүл кол салууда каза болгондордун саны 20га жеткенин, 30 кишинин жараланганын билдирди.

1870492
Сомалидеги кол салууда 20 киши каза болду, Түркия катуу айыптады

19-августта Сомалинин борбору Могадишо шаарындагы Хаят мейманканасына террордук уюм Эш-Шабаб согушкерлери тарабынан жасалган кол салууда каза болгондордун саны 20га жетти.

Аскердик расмий өкүл кол салууда каза болгондордун саны 20га жеткенин, 30 кишинин жараланганын билдирди.

Расмий маалыматка караганда, кол салуудан кийин көп сандаган согушкер таасирсиз абалга келтирилип, аскерлердин Эш-Шабабга каршы жүргүзгөн болжол менен 30 саатка созулган операциясында курчоо аяктаган.

Сомали өкмөтү кол салууга байланыштуу билдирүү жасай элек болсо, кол салуу үчүн жоопкерчиликти алган Эш-Шабаб кол салууда 40 кишинин каза болгонун, 70 кишинин жараланганын билдирди.

Бир тараптан Түркия террордук кол салууну «эң күчтүү түрдө» айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 19-августтагы террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жараланганы терең кайгыруу менен угулганы белгиленип: «Бул жийиркеничтүү террордук кол салууларды эң катуу түрдө айыптайбыз, каза болгондорго Аллахтын ырайым кылуусун тилейбиз. Жакындарына, дос жана боордош Сомалинин өкмөтүнө жана элине кайрат айтабыз, жарадар болгондордун тез сакайып кетишин каалайбыз»,делди.



Тектеш кабарлар