Мексикада дагы бир журналист киши колдуу болду

Өлкөдө жылдын башынан бери өлтүрүлгөн журналисттердин саны 13кө жетти.

1869551
Мексикада дагы бир журналист киши колдуу болду

Мексикада дагы бир журналист киши колдуу болду.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, Сонора штатына караштуу  Сан Луис Рио-Колорадо шаарында «Эмнеден коркосуң» деген интернет сайтынын ээси белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлдү.

Сонора прокуратурасы тарабынан берилген маалыматта өлтүрүлгөн журналисттин 62 жаштагы Хуан Аржон Лопес экендиги жана денесине катуу сокку урулгандыгы билдирилди.

Акыркы киши өлтүрүү менен өлкөдө жылдын башынан бери өлтүрүлгөн журналисттердин саны 13кө жетти.

Чек ара тааныбаган журналисттер   уюмунун  маалыматына караганда, 2000 - жылдан бери өлкөдө киши колдуу болгон журналисттердин саны 150дөн ашты.



Тектеш кабарлар