Польшада балыктардын өлүмү

Польшанын Климат жана экология министри Анна Москва соцтармак Твиттерден берген маалыматта дарыя суусунан алынган үлгүнүн Чехиядагы лабораторияларга жиберилгендигин айтты.

1869046
Польшада балыктардын өлүмү

Польшанын Одер дарыясында массалык өлүмгө учураган балыктардын сырын чечүү үчүн чет өлкөлөрдөгү лабораторияларга кайрылуулардын болгондугу билдирилди.  

Польшанын Климат жана экология министри Анна Москва соцтармак Твиттерден берген маалыматта дарыя суусунан алынган үлгүнүн Чехиядагы лабораторияларга жиберилгендигин айтты. 

Москванын орун басары Малгорзата Голинска үлгүлөр Нидерландия менен Англияга да жөнөтүлгөнүн билдирди.

Польша жана Германиядагы адистер өткөн айда дарыяда биринчи жолу байкалган балыктардын өлүмүн эки өлкөдө көп жылдардан берки эң чоң табигый кырсык катары мүнөздөшүүдө.

Маселени чечүүдө кеч калуу менен айыпталган Рольша өкмөтү дарыянын булгануусунан жооптуу болгон киши жана мекемелер үчүн чоң жазаларды  берүүнү күн тартибине алып келди.

Польшалык өрт өчүргүчтөр ушул убакка чейин 100 тоннага жакын өлүк балыктарды чыгарышкандарын жарыялашты.

Одер дарыясындагы балыктардын массалык кырылышын биринчи жолу июль айынын аягында Польшанын түштүк - батышындагы балыкчылар байкашкан.

 



Тектеш кабарлар