Францияда катуу жааган жамгыр жана бороон

The Localде орун лаган кабарга караганда Париждеги нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди.

1868760
Францияда катуу жааган жамгыр жана бороон

Франциянын борбор шаары Парижде катуу жамгыр жана бороон  таасирдүү болду. 

The Localде орун алган кабарга караганда Париждеги нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизди. 

Метеорология кызматы Meteo France Парижде чоң селдин болоору күтүлбөгөндүгүнө карабастан катуу жамгырдан улам кээ бир метро станциялары убактылуу жабылып, көптөгөн көчөлөрдү суу каптады.

Meteo France акыркы учурларда өлкөнү таасири астына алган ысык аба толкунунан кийин бүгүн өлкөнүн көптөгөн жеринде катуу дамгыр жана бороондун болору болжолдолуп жаткан. Ауд, Авейрон, Гард, Херол жана Тарн аймактарында бороон жана нөшөрлөгөн жамгыр коркунучу боюнча кызгылт сары эскертүү берилди.

Парижде болсо сары сигнал берилип, бороондуу жамгырдын жаашы билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар